АЛЯСКИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЯСКИТ (Аляска жарым аралынын атынан) – курамы калийлүү талаа шпатынан (ортоклаз же микроклин) жана кварцтан (25–55%) турган ачык түстүү (лейкократтуу) гранит тибиндеги магма тоо теги. 1900-ж. америкалык геолог Дж. Спёр аныктаган. Структуралык түзүлүшү бүртүктүү, чанда порфир сымал, өңү кызгылт, ак, бозомук. А. менен сейрек кездешүүчү металлдардын кендери байланыштуу. А. имараттардын дубалын кооздоодо, каптоочу курулуш материалдары катары пайдаланылат.