АКУСТИКАЛЫК ТОЛКУН ӨТКӨРГҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ТОЛКУН ӨТРӨГҮЧ — акустикалык энергияны өткөрүүчү түтүктөр. Алардын өзгөчөлүгү ички же сырткы чөйрөнүн касиеттеринен кескин түрдө айырмаланып, түтүк, зым же стержень түрүндө болот. А. т. ө. сырткы жана ички чөйрөлөрдө кескин айырмаланбаган, ал касиеттер бир чөйрөдөн экинчисине акырындык менен өткөн туташ бир тектүү эмес чөйрөдө да пайда болушу мүмкүн. Мындай А. т. ө. атм-рада жана океанда түрдүү темп-радагы катмарда байкалат. Жасалма А. т. ө-кө үн өткөрбөөчү дубал (мис., желдетүүчү канал, тоннель) менен чектелген түтүктөр, ал эми табигый А. т. ө-кө кадимки чөйрөлөр (мис., океан) кирет.