АКУСТИКАЛЫК ИМПЕДАНС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), А. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='А. и.'>анын ичинде</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ИМПЕДАНС (лат. Impedite ‒ тоскоолдук кылуу, каршы болуу) — үн басымынын интенсивдүүлүгүнүн чөйрөнүн (жыштыгынын белгилүү бир тилкесиндеги) толук каршылыгына болгон катышы менен аныкталуучу комплекстүү каршылык. анын ичиндеЯ=R+iX түрүндөгү комплекстүү сан. ‒ активдүү акустикалык каршылык деп аталган системанын үн чыгаруудагы сарпталган энергиясы менен байланышкан; i - комплекстик сан, ал эми Х болсо, реактивдүү акустикалык каршылык деп аталган чөйрөнүн инерциялык же серпилгич күчтөрүнүн реакциясы менен байланышкан. СИде акустикалык каршылык Па Мс/м3 менен («акустикалык Ом» деп аталат) өлчөнөт. анын ичинде түшүнүгү акустикалык системалардын термелүүлөрүн изилдөөдө киргизилген. Акустикалык ченөөлөрдө басым, интенсивдүүлүк, жыштык, таралуу ылдамдыгы, басаӊдоо коэфф-и ж. б. мүнөздөмөлөр пайдаланылат. Үн таратуучу системаларда п. а. к. А. и-ка көз каранды, ал эми үн кабыл алгычтарда анын ичинде чөйрөгө туура келүү шартын аныктайт.