АКУСТИКАЛЫК АГЫМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК АГЫМ — чоӊ интенсивдүү үн талаасындагы чөйрөнүн үзгүлтүксүз агымы. А. а. бир тектүү эмес эркин үн талаасында, айрыкча андагы ар кандай тоскоолдуктардын жанында пайда болуп, дайыма куюн мүнөздө. Анткени толкундагы чөйрөнүн бөлүкчөлөрүнүн термелиши менен байланышкан жана аны менен таралуучу кыймыл саны толкун жутулганда чөйрөгө берилип, анын үзгүлтүксүз кыймылын пайда кылат. Ошондуктан А. а. ылдамдыгы үндүн жутулуу коэфф-ине жана анын интенсивдүүлүгүнө көз каранды, бирок үн толкунундагы бөлүкчөлөрдүн термелүү ылдамдыгынын чоӊдугунан ашпайт. А. а. бир тектүү эмес үн талаасындагы агып туруучу толкун агымы, тоскоолдукка жакын чек аралык катмардагы агым болуп үч типке бөлүнөт. А. а. техникада жана технологияда пайдалуу.