АКУНОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУНОВ Аалыбек (10. 3. 1958-ж. т., Нарын обл., Коч­кор р-ну, Ак-Учук айылы) – саясат таануучу, тарых илимд. доктору (2001), проф. (2002). Ж. Баласагуни атн. сыйл. лауреаты (1998). 1981-ж. КМУнун тарых ф-тин бүтүргөн. 1981–82-ж. Кыргыз ССР Мамл. архивинде архивчи, 1982-ж. Кыргыз Со­вет энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук редактор, 1982–96-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, проф., 1996–99-ж. КМУУнун Окуу борборунда директор, 1999–2001-ж. КМУУда Мамл. башкаруу жана социалдык изилдөө ин-тунун директору, 2001-ж. КМУда декан, 2001–05-ж. ЕККУнун Бишкектеги Академиясында проректор, 2006–10-ж. "Ак-Чий-Боко" айыл чарба кооперативинин төрагасы, 2006–08-ж. КР Президентинин Администрациясында Социалдык жана гендердик саясат секторунун башчысы, 2010-ж. КУУнун Коомдук жана гуманитардык илимдер ин-тунда директор, 2010–11-ж. Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору, 2011-жылдан И. Раззаков атн. КМТУда проф., кафедра башчысы. Ил. эмгектери негизинен Кырг-ндын саясий тарыхын, мамл. башкаруу жана адам укуктарын изилдөөгө багытталган.