АКУЛАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУЛАЛАР (Selachomorpha) ‒ эбелек бакалоорлуу балыктардын чоӊ түркүмү. Дене уз. 20‒30 смден 20 мге, салмагы 14 тга чейин жетет (алп жана кит сымал акула). Териси жалпак (плакоид) кабырчыктар менен капталган. Башынын капталында адатта 5 жуп бакалоор жылчыгы жайгашкан. Куйрук сүзгүчү чоӊ, тиштери курч, конус сымал. А-га 8 түркүм, 21 тукум, 85ке жакын уруу, 250гө жакын түр кирет. Көпчүлүгү деӊиз тереӊинде же түбүндө (3000 м тереӊдикке чейин) жашайт. Эӊ тереӊдикте жашаган кээ бир түрлөрүнүн жарык берүүчү органы ‒ фотофорлору бар. Айрым түрү тузсуз сууларда да кездешет (Амазонка д., Никарагуа көлү). Алар жырткычтар ‒ балык, моллюска, омурткасыздар менен азыктанат, алп жана кит сымал акула ‒ планктонофагдар. Тирүү, жумуртка-тирүү жана жумуртка туучулары бар. Бардык, өзгөчө тропик океандарында кездешет. 10го жакын түрү (тикенектүү акула катран) Кара жана Ыраакы Чыгыш деӊиздеринде, уюлдук А. Түн. муз океан алкактарында жолугат. Көпчүлүгүнө промыселдик аӊ уулоо жүргүзүлөт. Кээ бир түрлөрү кишиге кол салат.