АКТИНОМИЦЕТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТИНОМИЦЕТТЕР (Actinomycetales) ‒ бутактанган клеткаларды же гифтерди пайда кылуучу бактериялар. Гифтердин диаметри 0,5‒2 мкм. А-дин 8 тукуму, 49 уруусу, 670ге жакын түрү бар. А. топуракта, абада, көлмөдө жана өсүмдүк калдыгында көп кездешет. Алар көбүнчө сапрофиттер: өсүмдүк жана жаныбар калдыктарын ажыратат. О. эле киши оорусун жана мал ылаӊын, өсүмдүк илдетин козгоочу түрлөрү да бар. Айрымдары топуракты аммонийлештирүү, клетчатканы ажыратуу, чириндини пайда кылуу ж. б. процесстерге катышат. Көпчүлүгү антибиотиктерди пайда кылат (стрептомицин, тетрациклин, неомицин, актиномицин, канамицин, гентамицин ж. б.). Бул антибиотик заттар киши, жаныбар жана өсүмдүк илдеттерине каршы күрөшүүдө, төлдү тез жетилтүүдө колдонулат. О.эле, А. пигмент, аминкислоталарды, ферменттерди ж. б. биол. активдүү заттарды пайда кылгандыктан микробиол. өндүрүштө колдонулат.