АЛТЫН-ДАРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:04, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН-ДАРА – Алай р-нундагы суу, Кызыл-Суунун сол куймасы. Уз. 40 км, алабынын аянты 480 км2. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт.3600 м, Эң бийик жери Свердлов чокусу (бийикт. 5451 м). Чоң Алай кырка тоосунун түн. капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу өрөөнгө агып чыгат. Жылдык орт. чыгымы 4,70 м3/сек, эң көбү июнь – июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Көк-Жар, Жаңы-Шаар ж. б. кыш. жайгашкан..