АЛТАЙ РЕСПУБЛИКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТАЙ РЕСПУБЛИКАСЫ – Россия Федерациясынын курамындагы адм. бирдик. Сибирь федерация округуна кирет. Түштүгүнөн Монголия ж-а Кытай Эл Респ. м-н чектешет. Аянты 92,9 миң км2. Калкы 209,2 миң (2009); алтайлыктар, орус, казак ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 2,2 киши. Борбору – Горно-Алтайск ш.; шаар калкы 26,4%. Адм.-айм. жактан 10 районго, 1 шаарга бөлүнөт. Мамл. бийлик органдарынын системасы А. Респ-нын Конституциясы (1997) тарабынан аныкталат. Мамл. бийлик респ. башчысы, Мамл. чогулуш – Эл Курултайы (парламент), өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Респ. башчысы – РФнын Президенти тарабынан сунушталып, Мамл. чогулуш тарабынан бекитилет ж-а ошол эле учурда аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Жогорку мыйзам чыгаруу (өкүлчүлүк) органы – Мамл. чогулуш 41 депутаттан турат. Респ-нын аткаруу ийлигинин жогорку органы – Өкмөт. Анын курамы респ. башчысы тарабынан түзүлөт. Республика Батыш Сибирдин түш.-чыгышында, Түш. Сибирдин бийик тоолуу аймагында жайгашкан (эң бийик жери Белуха чокусу, бийиикт. 4506 м). Бийик кырка тоолорду (Катунь, Курай, Түн. ж-а Түш. Чүй ж. б.) «талаа» деп аталган өрөөндөр ж-а жазы чуңкурдуктар бөлүп жатат. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы –12°...–32°С, июлдуку 9–18°С. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден (тоо аралык өрөөндөрдө) 1000 ммге чейин. Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Респ-нын экологиялык абалы канааттандыраарлык. Дарыялары: Катунь, Бия, Чары ж. б.; көлү – Төлөс (Алтын-Көл). Кара ж-а тоонун күл топурактары басымдуу. Аймагынын 25%и токой. Ири чуңкурдуктарында тоо-талаа ж-а жарым чөл тибиндеги өсүмдүктөр өсөт. Алтын, күмүш, жез, молибден, вольфрам, курулуш материалдары казылып алынат. А-дын аймагынан таш дооруна таандык (төмөнкү палеолиттик Улалинка, мустье доорундагы Коркунучтуу, Усть-Канск ж. б. үңкүрлөрү,мезолиттик усть-семин мад-ты, неолиттик ортонку Катунь мад-ты) тургун жайлар табылган.Коло доору Афанасьев мад-тынын (Балык Туу-Көл, Семи-Сарт) эстеликтери менен белгилүү. Эрте темир дооруна скиф–сибирь тибиндеги (анын ичиндепазырык мад-тынын эстеликтери: Үкөк, Туюктуу, Башадар ж. б.) коргондор таандык. Жакында 1997-ж. А. респ-ндагы Локоть деген жердей б. з. ч. 5- 4-к-га (сак мезгилиндеги урууларга) таандык табылган алтын адам тышкы түспөлү б-ча Ысык коргонунан (Казакстан) табылган Алтын адам менен окшош болуп, кийимдери толугу менен алтын пластиналардан турган. Анын буюмдарынын саны 1800гө жетип, салмагы 1 кгды түзгөн. Б. з. ч. 3-к-дын аягы – 2-кдын башынан б. з. 1-к-на чейин А. гунндардын мамлекетинин курамында келген. 2–4-к-да алтайлыктарга сянбилер чоң таасир тийгизишсе,4-к-дын аягы 6-к-дын ортосуна чейин алар жужандарга баш ийип келген. 552-ж. алтайлык түрктөрдүн өз алдынча мамлекети – Түрк каганаты негизделип, анын борбору А-дан Орхон д-нын жээгине которулган. Түрк кагандыгынын курамына Чоң Хинган кырка тоосунан Аму-Дарыяга жана Түн. Кавказга чейинки аймактар каратылган. Кагандыктын чек арасы Түндүктө Енисей жана Тоолуу Алтай, түштүктө Улуу Кытай дубалы жана Тибетке чейин созулган. 581-ж.кагандык Чыгыш жана Батыш болуп бөлүнүп, А. Чыгыш Түрк кагандыгынын курамында калган. 8-к-да Түрк кагандыгы кыйраган соң, А.Уйгур, кийинчерээк Кыргыз кагандыгынын курамына кирген. 8-к-дан A-да манихейизм дини таралган. 13-к-дын башынан Монгол империясынын курамына кирген. 15-к-дын ортосунан Түш. А-дын калкы батыш монголдордун (ойроттордун) таасирине кирип, түн. алтайлыктар (кумандиндер, тубалар, челкандар) кыргыздарга жана алтайлык телеуттарга көз каранды болгон.
17-к-дын аягында алар Орус мамлекетинин букаралары болуп калышкан (алардын 100дөн ашуун улус, айылдары казынага ясак төлөшкөн). Цинь империясынын Жунгар хандыгына каршы согуштарынын мезгилинде (1755–57) хандыктын калкынын көпчүлүгү кырылып, 1756-ж.түш. алтайлыктар (алтай-кижи, теленгиттер) орус букаралыгына өткөн. А-дын аймагы Сибирь губерниясынын (1756–79), Колыван облусунун (1779–83), Колыван (1873–96), Тобол (1796–1804) жана Томск губернияларынын (1804–1917) курамында келген. А-дын калкы негизинен көчмөн мал чарбасы, аңчылык жана кедр жаңгагын чогултуу менен кесиптенген. Убактылуу өкмөттүн чечими менен Томск губерниясынын карамагынан өз алдынча Алтай губерниясы (1917-25) бөлүнгөн. Дыйкан депутаттардын Алтайлык съездинде (1917, Улала кыш.) Тоолуу Алтайдын Бий уездинин курамынан чыгаруу жана Кара-Корум–Алтай жана Ойрот Респ-н (Орус жана Монгол Алтайын, Урянхайды, Жунгарияны камтыган) түзүү чечими кабыл алынган. Бирок, бул чечим Сибирде бийликтин А. В. Колчактын колуна өтүшүнө байланыштуу ишке ашкан эмес.1919-ж. Улала кыш-нын Кызыл Армия тарабынан ээлениши менен Тоолуу Алтай РСФСРдин курамына кирген. 1922-ж. борбору Улала (1928-жылдан шаар статусун алган, 1932-ж. Ойрот Туру, 1948-жылдан Тоолуу Алтай) болгон Ойрот Автономиялуу обл. (1948-жылдан Тоолуу Алтай) түзүлгөн. Облус РСФСРдин курамындагы Сибирь (1925–30), Батыш Сибирь (1930–37), Алтай крайынын (1937–91) карамагына кирген. 1991-ж. Тоолуу Алтай ССРи, 1992-жылдан Рос-сия Федерациясынын курамындагы Тоолуу Ал-тай Респ. болуп кайра түзүлгөн. 1992-жылдан Алтай Республикасы.
Экономикасында өнөр жайдын үлүшү төмөн. Экономиканын негизин мал чарбасы түзөт. Койэчки, уй, топоз, жылкы асыралып, чаар бугу менен марал көбөйтүлүүдө. Тыбыт берүүчү эчкилери жогорку продуктуулугу жана тыбыты менен айырмаланат. Аары чарбасы, аңчылык өнүккөн. Токой, түстүү металлургия, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш (жоопкерчилиги чектелген «Майма-Молоко» коому; жогорку сапаттагы сыр чыгарат), курулуш материалдар, электр тех., металл иштетүү, машина куруу өнөр жайы бар. Тоют өсүмдүктөрү, дан эгиндери (буудай, сулу ж. б.) эгилет. Негизги транспорт магистралы - Чүй тракты. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун уз. 3396 км (анын ичинде 1217 км асфальтталган). Мамл. ун-т (2003), драма театры, филармония, край таануу музейи, китепканалар бар. Too климаттык Чемал курорту иштейт.

                                                            С. Айткулоеа, А. Орозов.