АЛМАТЫ ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛМАТЫ ОБЛУСУ Казакстан Респ-сынын түш.-чыгышында. 1932-ж. 10-мартта түзүлгөн. Аянты 223,9 миӊ км2. Калкы 2,0 млн (2013), шаар калкы 30,3%, облустун курамында 16 адм. район, 3 шаар, 6 шаарча бар. Борбору ‒ Талды-Коргон ш.Түштүгүн Теӊир-Тоо (бийикт. 973 мге чейин), түндүгүн Балкаш бою чөлү ээлейт. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы ‒10°С, июлдуку 24°С. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден (чөлдөрдө) 1000 ммге (тоолордо) чейин. Тоо этегинин климаты жумшак; январдын орт. темп-расы ‒3…‒6°С, жылдык жаан-чачыны 700‒1000 Тге чейин. Башкы дарыясы ‒ Иле. Түн.-батышында Балкаш көлү жайгашкан. Минералдык булактар кездешет. Шыбак-баялыштуу, шор топурактуу жарым чөл жана чөл бийиктеген сайын коӊур топурактуу кургак талаага өтөт. Тоолордо токой, субальп жана альп шалбаасы өсөт. Негизги өнөр жай тармактары: оор машина куруу жана металл иштетүү, жеӊил (текстиль , трикотаж булгаары-бут кийим ж. б.), тамак-аш (ун тартуу, май чыгаруу, консерва), эт комбинаты. Иле д-на Капчыгай ГЭСи курулган. Маанилүү өнөр жай борбору Алматы, Талгар. Сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Эгин (негизинен буудай), кант кызылчасы, тамеки, жүгөрү айдалат. Жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Кой, жылкы, төө чарбалары бар. Уй чарбасы эт багытында. Балкаш көлү менен Иле д-нда балык кармалат. Балкашта жана Иледе кеме жүрөт. Бухара ‒ Ташкент ‒ Бишкек ‒ Алматы газ кууру курулган.