АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ
Jump to navigation
Jump to search
АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ‒ бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, ион) энергетикалык абал б-ча теӊ салмаксыз бөлүштүрүлүшү жана энергия деӊгээлинин кеминде бир түгөйү үчүн жыштык инверсия аткарылуучу зат. Эгерде кванттык күчөткүч коэфф-и А. ч-дө энергиянын азаюу (жоготуу) коэфф-инен көбүрөөк болсо, анда А. ч. аркылуу өтүүчү резонанстык электр-магниттик нурлануусу күчөйт. А. ч. кванттык электроникадагы приборлордун (кванттык күчөткүч, кванттык генератор) негизги элементтеринин бири. Атомардык жана молекулалык газдар, жарым өткөргүчтөр жана плазма А. ч. болушу мүмкүн (к. Лазер, Мазер).