АКТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКТ ю р и д и к а л ы к ‒ расмий документ; мамл. органдар, кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде кабыл алынган, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон документ. Мындан тышкары дипл. А., ревизиялык А., агрессиялык А. сыяктуу түрлөрү бар. Юрид. А. мыйзам тарабынан бекитилген формада кабыл алынат жана кайсы мамл. орган же болбосо кайсы кызмат адамдары тарабынан кабыл алынгандыгына жараша төмөндөгүдөй аталышы мүмкүн: мыйзам, указ, токтом, приказ, буйрук, инструкция, өкүм, чечим ж. б. юридикалык А-лар укуктук маалыматтын мүнөзүнө жараша төрт негизги топко бөлүнөт: 1) нормативдик А-лар жалпыга тиешелүүлүгү менен мүнөздөлөт, буларга бардык нормативдик укуктук А-лар, укуктун булактары жана формалары кирет; 2) жеке мүнөздөгү чечимдер камтылган А-лар. Бул А-лар конкреттүү мүнөзгө ээ жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш, о. эле алардын негизинде субъективдүү укуктар, юрид. милдеттер пайда болот, такталат, өзгөрүлөт жана күчүн жоготот; 3) юрид. фактыларды чагылдырган А-лар. Мис., жер участогун бөлүп берүү актысы, курулуш актылары, табигый кырсыктын айынан зыян келген мүлккө карата түзүлгөн актылар ж. б. ; 4) далил фактыларды чагылдыруучу А-лар. Бул категориядагы А-ларга ар түрлүү процессуалдык документтерди киргизүүгө болот. Мис., тергөө учурунда түзүлгөн протоколдор, токтомдор.
А. Шаршеналиев.