АКСЕЛЕРОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:03, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

[АКСЕЛЕРО́МЕТР]

АКСЕЛЕРОМЕТР (лат. accelero ‒ тездетем жана ... метр) ‒ транспорт машинелерин, кыймылдаткычтарды ж. б. сыноо учурунда, космостук учуучу аппарат, ракета, самолёт ж. б. кыймылга келүүчү объектилерде пайда болгон ылдамданууну өлчөөчү прибор. Кыймылдын түрүнө жараша ал сызыктуу жана бурчтук; иштөө принциби б-ча мех., электр-мех.; арналышы б-ча ылдамданууну өлчөгүч А. деп айырмаланат.