АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКСАКАЛДАР БИЙЛИГИ, Г е р о н т о к р а т и я ‒ бийлик жамааттын жашы б-ча эӊ улуусуна таандык болгон коомдук түзүлүштүн баштапкы формасы. А. б. илимде геронтократия (gerontos ‒ улгайган жана kratos ‒ күч, бийлик) деп аталат, бул терминди илимий колдонууга англ. этнограф У. Риверс коомдун алгачкы мезгилинде бийлик аксакалдардын колунда болгонун белгилөө үчүн киргизген. Ал А. б. австралиялыктар жана Океаниянын айрым элдери үчүн мүнөздүү деген жыйынтыкка келген жана чыгыш элдерин изилдей алган эмес. Кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда аксакалдар абдан таасирдүү болгон. Ар бир уруунун, айылдын, өрөөндүн эли сыймыктанаар, туу тутаар, акылга шерик, нарктуу, кутман карылары болгон. Алар ар кандай деӊгээлдеги маселелерди, көйгөйлөрдү, даттанууларды ошол жердеги дөбөгө чогулуп, калыстык менен чечишкен. Аксакалдардын бүтүмү оозеки мыйзам болуп, эч ким буза албаган. Үй-бүлөдөгү, коомдогу, чарбадагы иштердин бардыгы алардын кеӊеши менен жүргүзүлгөн. Туугандардын, бирге иштегендердин, кошуналардын ж. б. эӊ улуусуна баш ийүү, андан кеӊеш суроо сыяктуу А. б-нин элементтери азыр да эл ичинде жолугат.