АКРОПОЛЬ
Jump to navigation
Jump to search
АКРОПОЛЬ (гр. akropolis ‒ бийиктеги шаар) ‒ байыркы гректердин атайын бийик жерге салган, чептей бекем коргонуучу жайы. Аны курчай шаар чиркөөлөрү ж. б. коомдук курулуштар жайланышкан. А. жеринин бийиктиги, дубалынын калыӊдыгы жана бекемдиги менен айырмаланып, согуш мезгилинде шаар калкынын душмандардан коргонуучу, о. эле кудайга сыйынуучу касиеттүү жайы болгон.
Бүгүнкү күндө Афины, Парфенон, Эрехтейон, Ники-Аптерос сыяктуу ш-лардагы А-дор дүйнө жүзүнө белгилүү.