АКРОМЕГ АЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРОМЕГАЛИЯ (гр. akron ‒ кол, бут жана megas ‒ чоӊ) ‒ гипофиз безинин өстүрүү гормону көп бөлүнгөндө пайда болгон эндокрин оорусу. А. көбүнчө дененин өсүшү токтогондон кийин пайда болот. Адамдын баш сөөгү, кол-буту, ички мүчөлөрүнүн көлөмү чоӊоёт, зат алмашуу бузулат. Анын себептери белгисиз. Көбүнчө гипофиз безинин шишиги менен кээде өстүрүү гормонунун көп бөлүнүп чыгышы, мээнин чайкалышы, психикалык травма (күйүт), инфекцияга да байланыштуу болушу мүмкүн. Оору жай өөрчүп, адегенде оорулуунун алы кетет, буту, колу ооруп, сезгичтиги бузулат, алдыӊкы жаак, мурун чоӊоюп, кебетеси өзгөрүлөт. Эриндер калыӊдап, калбыйып, тил чоӊоюп оозго батпагансыйт; кол чеӊгели менен бут кетмени жооноёт. Бат чарчайт, башы ооруйт, көзү начар көрүп, жыныс бездеринин функциясы бузулат. Мындай оорулуулар такай дарыгердин көзөмөлүндө болууга тийиш.