АКРИДИН
Jump to navigation
Jump to search
АКРИДИН, C13H9N – ачык сары кристалл, дүүлүктүргүч жыттуу, ароматтык касиетке ээ орг. бирикме. Мол. м. 179,22, б. эрүү 1111°С, кайноо t 346°С. Жеңил бууланат (сублимацияланат). Көпчүлүк орг. эриткичтерде жакшы, сууда начар эрийт. А. начар негиз болгондуктан күчтүү минералдык к‑талар менен туз пайда кылат. Орун алмашуу реакциясына кыйындык менен кирет. А. таш көмүр чайырында кезигет, дифениламинди кумурска же козу кулак к‑талары менен конденсациялоодон, акридонду калыбына келтирүүдөн алынат. Ал металлды дат басуудан сактоодо, баалуу боек, дары‑дармек алууда колдонулат.