АКНАЗАРОВ Бекболсун
Jump to navigation
Jump to search
АКНАЗАРОВ Бекболсун Камчыбекович (1961-жылы туулган, Ош облусу, Кара‑Кулжа району, Карагуз айылы) – ветеринария илимдеринин доктору (2001), профессор (2001). К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1985), Москва ветеринария академиясынын аспирантурасын (1988) бүтүргөн. КАЧИде ассистент, доцент, кафедра башчысы, 2000‑жылдан декан, 2003‑жылдан институттун директору. Ветеринардык иммунология, акушерлик жана малды көбөйтүү технологиясы боюнча адис. Ал 30 дан ашык илимий эмгектин автору. Эмг.: Этнопатогенез и реабилитация патологий органов размножения у коров и тёлок. Б., 2000.