АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:02, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОТОКОЙ МЕЛИОРАЦИЯСЫ, т о к о й м е л и о р а ц и я с ы ‒ токой өстүрүүчүлүк жана мелиорациялык чаралар ситемасы. Токой тигилген жерлерде шамал басаӊдап, кар жана суу токтойт. Микроклимат өзгөрөт, топурак бузулбай, топурактын нымдуулугу көбөйөт, анын натыйжасында топурактын күрдүүлүгү артат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү көбөйөт. Агротокой мелиорациясы агрономия, ботаника, топурак таануу, геология, метеорология, токой таануу илимдери менен тыгыз байланыштуу. Кыргызстанда бул максат менен тигилген токойлордун аянты 3 миӊ гадан ашык.