АГРОНОМИЯЛЫК КЕНТАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:51, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОНОМИЯЛЫК КЕНТАШТАР, а г р о н о м и я л ы к с ы р ь е л о р ‒ жер кыртышын жакшыртуу үчүн минералдык жер семирткичтер алынуучу тоотектер. Агрономиялык кенташтар сырьесуна: фосфат (апатит кенташы жана фосфорит), калий (калий туздары), азоту бар айрым тоотектер, күкүрт (нефть жана табигый күйүүчү газдарды тазартуу да, коксохим. газдардын таштандыларында, түстүү металлургияда жана күкүрт кенташтарын да) ж.б. металл эмес пайдалуу кендер, тикеден-тике керектелүүчү (алдын ала майдалоодон кийин) ‒ мирабилит, бишофит, цеолиттер, торф, сапропел, гипс, карбонат тектери, чопо, кумдуктар ж. б. (жергиликтүү Агрономиялык кенташтар) кирет. Микро жер семирткичтерди алууда кайрадан иштетилген жез, цинк, кобальт, молибден, марганец жана бор кенташтарынын калдыктары колдонулат. Термин 1921-жылы Я. В. Самойлов тарабынан киргизилген. Фосфаттын дүйнөлүк чалгындалган сырьесунун запасы (Р2О5) 100 млрд т (95%и фосфорит менен байланыштуу), калий тузу (К2О) 13,2млрд т, күкүрт сырьесу 1,1 млрд т (таза түрүндөгүсү) жана 1,3 млрд т (нефть жана газ түрүндөгүсү).

Ад.: Бок И. И. Агрономические руды: 2-е изд. А-А., 1965; Агрономия. М., 1981.