АККРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:46, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККРА – Гана Республикасынын борбору, өлкө­дөгү эң чоң шаар. Калкы 2,3 млн (2018). Гвинея булуңундагы порт. Темир жана автомобиль жол­дор тоому, эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн соода, өнөр жай жана маданий борбору. Металл иштетүү, текстиль, тактай тилүү, тамак‑аш өнөр жайлары; электр жабдууларын чыгаруучу з‑д иштейт. Кустардык жол менен алтын жана күмүш буюмдары жасалат. Алмаз жана какао‑буурчак сатуучу рынок. Ун‑т, ИА, Улуттук, илим менен техника музейи бар. А. 16‑к‑да негизделген. 1876‑жылдан 1957‑ж. чейин Алтын жээктин резиденциясы, европалыктардын о. кылымда­гы форту болгон.

АККРА44.png