АККОМОДАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККОМОДАЦИЯ (лат. akcomodatio – ыңгайла­нуу), м е д и ц и н а д а – көздүн алыс жана жакын аралыктагы нерсени даана көрүүгө ыңгайлануусу. Жакын жердеги нерсени кара­ганда көздүн А‑лык булчуңу жыйрылып, ошон­дон улам чечекейдин томпоюшу чоңоёт да, көздүн жарык нурун чагылтып сындыруу кубаты күчөйт. Жакын нерселерден келген жарык нур­лары көздүн торчо кабыгындагы фокуска топ­толуп, буюм даана көрүнөт. Ден соолугу таза, көзү соо адам 40‑45 жаштан өткөндөн кийин анын көзүндө А‑лык булчуңдун жыйрылышы жана чечекейдин чоюлууга ийкемдүүлүгү начар­лайт, жакынды даана көрө албай калат. Көздүн ар кандай кырсыкка учуроосунан, ага узакка күч келтирүүдөн (китепти көзгө жакын кармап көпкө окуган балдарга), өзгөчө жарык таасири­нен А‑лык булчуң жыйрылган бойдон калышы мүмкүн. Мындай учурда көз жакынды жакшы, алысты начар көрөт. А‑нын начарлашын ка­димки калыбына келтирүү үчүн, томпок линза­луу көз айнек кийүү сунуш кылынат.