АККЛИМАТИЗАЦИЯ
АККЛИМАТИЗАЦИЯ (лат. ad – ошого, үчүн жана гр. klima – климат) – организмдин бир жерден экинчи жерге алынып келингенде, шарты өзгөргөн жаңы чөйрөгө (климаттын өзгөрүшү, токой тигүү жана кыюу, сазды кургатуу ж. б.) байырлануусу. Анда зат алмашуунун тукум куубаган өзгөрүүсү болот же түрдүн ген. структурасы өзгөрөт. Жаратылышта А. жаныбарлар жана өсүмдүктөр жаңы жерге алынып келингенде (миграция) же кокустан оошкондо ж. б. болот. Адам пайдалуу жапайы түрлөрдү, о. эле а. ч. өсүмдүгүн, жаныбарларын башка жерге алып келгенде жасалма А. келип чыгат. Өсүмдүк А‑сында климат факторлору (темп‑pa, нымдуулук, жаан‑чачындын саны, жарык ж. б.),топурактын тиби,андагы микрофлора ж. б.чоң мааниге ээ. Ж а н ы б а р А‑сы көбүнчө душмандарынын, тоют атаандашынын ж. б. болушуна байланыштуу. Түн. Америкадан Европага айрым жыгач өсүмдүк породалары (туя, карагай, терек) жана жаныбарлардын (ондатра, америка норкасы, нутрия, ак куйрук бугу) алынып келиниши мыкты натыйжаларды берген. Айрым учурда А. үчүн түрлөрдү жаңы жерге алып келүүдөн экол. тең салмактуулук, азыктануу тизмеги өзгөрүлүп, жерг. түрлөрдү сүрүп чыгарат. Мис., Амур жээгинен жана Уссурий крайынан Россияга алынып келинген жанат сымал ит, өрдөк ж. б. куштардын жөжөлөрүн жок кылып, жерг. фауна – түлкү, кашкулак ж. б. конкурент болушкан. Адамдын А‑сы адаптациянын бир түрү. Ал организмдин зат алмашуу жана фукнкциясынын өзгөрүшү менен коштолуп, организмдеги нейрогумор жана рефлекс реакцияларынын таасири менен жүрөт. Адамдын жаңы климаттык жана геогр. шартка байырлануусунда биол. процесстер менен катар социал., экон. факторлор – эмгек жана тиричилик шарты, тамактануу мүнөзү, кийим, турак жай ж. б. маанилүү орунду ээлейт. Киши ар түрдүү шартка акырындап көнүгүп, А. убактылуу же биротоло сакталат. А. суук климатка караганда ысык климатта кыйыныраак, айрыкча нымдуу тропикте оор өтөт. Дене абдан ысып, өтө арыктап, минерал заттар тер менен көп бөлүнүшүнө дуушар болот. Бара‑бара адам ысыкка жана нымдуулукка көнүп, зат алмашуу ж. б. физиол. функциялар калыбына келе баштайт. Тоолуу жер деңиз деңг‑нен канчалык бийик болсо, А. ошончолук кыйынчылык менен жүрөт.