АКИХИТО
Jump to navigation
Jump to search
АКИХИТО (23. 12. 1933‑ж. т., Токио) – Япониянын 125‑императору (1989–2019). Император Хирохитонун тун уулу. 1952‑ж. мураскор принц деп жарыяланган. 1956‑ж. Гакусюин ун‑тинин саясий илимдер жана экономика ф‑тин бүтүргөн, андан сырткары атасы сыяктуу эле деңиз биологиясын изилдеген. А. ихтиология маселелери б‑ча илимий макалалардын, Япониянын балыктары ж‑дөгү эмгектин автору. Линнейдин Лондон Коомунун (1986), лондондук Зоологиялык коомдун (1992) жана Аргентинанын Табигый илимдер изилдөө ин‑тунун (1997) ардактуу мүчөсү.