АКИНАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:04, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКИНАК (гр. akinakes – кыска) – темирден жа­салган түз, кош миздүү, кыска кылыч. Б. з. ч. 1‑миң жылдыктын орто ченинде перс жана сак жоокерлери кол­донгон.

АКИНАК41.png

Анын уз. 40–60 см. Сабы колго кармоого ылайыктуу жана ага манжаларды сактоо үчүн жалпак калканчтар жасалган. Са­бынын учу жүрөк, жарым ай жана жаныбарлар­дын элеси түшүрүлгөн сүрөттөр менен кооздолгон. Кеч сак жана усун доорунда темирден жасала баш­таган. Кырг‑нда сабынын бетине бугу, теке сөлөкөттүү оюу түшүрүлгөн A‑тар табылган.

                                                                                                                                                               О. А. Солтобаев.