АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ Ош обл-нун Алай р-нунда, Алик-Сөөк суусунун Терек суусуна куйган жеринен 1,5‒2 км жогору, деӊиз деӊг. 3740‒3930 м бийиктикте. 1984‒87-ж. геол. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кенченин аймагында силур, девон жана карбондун карбонат-терриген катмарлары жайгашкан. Жаракалар менен кесилген плита сыяктуу бири-бирине жакын эки акиташ олистомиттери кенташты камтып турат. Сурьма кенташы жаспероиддер менен байланышып, уз. 115 мге чейин, калыӊдыгы 1‒1,5 м болгон тарам түрүндөгү эки кенташ (руда) тулкусун түзөт. Сурьманын орт. өлчөмү 7,72%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 86,1 миӊ т, сурьманыкы ‒ 6600 т.