АЛЕКСЕЕВКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСЕЕВКА ‒ Чүй обл-нун Жайыл р-ндагы кыштак. Жайыл айыл аймагынын борбору. Бишкек ‒ Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊг. 780 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Балта ш-нан 5 км батыш тарапта. 1901-ж. отурукташкан. Калкы 5576 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, амбулатория, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.