АГРЕССИЯ
АГРЕССИЯ, (лат. aggressio ‒ кол салуу) э л а р а л ы к у к у к т а ‒ мамлекеттер аралык мамиледе мыйзамды бузуп күч колдонуу. 1974-жылы 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган аныктама боюнча мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверенитетине, аймагынын кол тийбестигине же саясий көз каранды эместигине карата куралдуу же БУУнун Уставына дал келбеген күч колдонуу. Күч колдонуу ыкмасы боюнча тике жана кыйыр болуп бөлүнөт. Жогорудагы аныктама Агрессияга кошо катышуу сыяктуу өзгөчө жагдайды да камтыйт (мисалы, өз аймагын Агрессиялык иш-аракет жүргүзүү үчүн берүүсү). Агрессиянын өзгөчө кооптуу формасы болуп куралдуу күч колдонуу эсептелет, ал эл аралык кылмыш катары баалануу менен эл аралык жоопкерчиликке тартылат. Агрессиянын натыйжасында тартылып алынган аймактар же башка олжолор (аннекциялар) мыйзамдуу боло албайт. Агрессиянын жасалышы тууралуу фактыны тактоо укугу БУУнун Коопсуздук кеӊешине таандык. Мисалы, 1990‒91-жылдардагы Кувейтке каршы Агрессияга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеӊеши Иракка каршы олуттуу санкцияларды берген. Ал экономикадык, идеологиялык, психологиялык же башка формаларда болушу мүмкүн.
М. Артыкбаев, Н. К. Алиева.