АКВАМАРИН
Jump to navigation
Jump to search
АКВАМАРИН (лат. aqua marina – деңиз суусу) минерал, бериллдин бир түрү. Көгүлтүр, көгүш жашыл ж. б. түстөгү тунук кристаллдар түрүндөгү кымбат баалуу асыл таш. Өңү Fe2+ Fe3+ кошундууларына байланыштуу. А. узун призмалык кристаллдарды пайда кылып, кээде өтө чоң өлчөмгө жана массага жетет (Бразилияда 110,5 кгдагы табылган). Сапаттуу А. пегматит жана грейзен кендеринен алынат. Көгүлтүр түстөгү А‑ден саргыч жашыл берилл кристаллын алууга болот жана зергерлик буюмдарды боёодо, жасоодо колдонулат. Бразилия, Пакистан, Мадагаскар, Россия (Урал, Забайкалье), Украинада ири кендери бар. Кырг‑нда Талас кырка тоосунда (Күмүштаг) ж. б. жерлерде табылган.