АКАДЕМИЯ
АКАДЕМИЯ (лат. Academia) – илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын аталышы. «Академия» сөзү б. з. ч. 380‑ж. ортосунда Платон философиялык мектепти негиздеген Афиныга жакын жерге берилген мифтик каарман Академдин атынан келип чыккан. Эллинизм доорунда академияга окшош илимий коомдор (Александрия Мусейону, б. з. ч. 3‑кылым) пайда болгон. Орто кылымда Чыгышта Багдадда «Акылмандык үйү» (9‑к.), Хорезмде «Мамун академиясы» (11‑кылымдын башталышы), Марата (13‑к.), Самарканд (15‑к.) обсерваторияларынын алдындагы илимий коомдор белгилүү болгон. Европада 15‑16‑кылымдарда көбүнчө гуманитардык багытта иш жүргүзгөн Италиянын түрдүү илимий коомдору да академия деп аталган. 17‑к‑да табигый илимдердин проблемалары көңүл борборунда болгон бир нече ил. коомдор – А. иштеген. 17к‑дын экинчи жарымынан тартып, мамл. бийликтин колдоосу менен А. улуттук ил. борборлор катары Лондон Королчулук коому (1660), Парижде ИА (1966), Берлинде Пруссия ИА (1700), Петербургда ИА (1724) ж. б. түзүлө баштаган. 1783‑1841‑ж. Россияда ИАдан тышкары орус тилин жана көркөм чыгармаларды изилдөө иштерин жүргүзүүчү Россия Академиясы болгон. Комплекстүү типтеги академиялар (же аларга окшош мекемелер) дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Берлин Бранденбург илимдер академиясы, Дания Королчулук илимдер академиясы, Россия илимдер академиясы ж. б.) иштейт. Улуу Британияда 18-к‑дын аягынан А. ролун Лондон Королчулук коому, Францияда – Франция институту, Италияда – дея Линчея улуттук академиясы, Испанияда – Испан королчулук академиясы; Азия жана Африка өлкөлөрүндө – Индия улуттук академиясы (1935), Каирдеги Египет институту (1798‑ж. негизделип, 1859‑ж. кайра түзүлгөн) ж. б. аткарган.
Көп өлкөлөрдө тармактык академиялар (же аларга окшош мекемелер) бар: РФда – Россия көркөм сүрөт академиясы, Россия билим берүү академиясы, Россия медицина илимдеринин академиясы ж. б.; Германияда – «Леопольдина», Немец илимий-изилдөө коому, Макс Планк атындагы коом ж. б.; Данияда – Дания тех. илимдер академиясы; Францияда – Илим изилдөөнүн улуттук борбору, Франция академиясы ж. б. Кыргызстанда А. 1954‑ж. Фрунзеде (азыркы Бишкек ш.) СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында негизделген, учурда Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы статусун алган. Мамлекеттик академиялар менен бирге Кыргызстанда Айтматов академиясы, Көркөм сүрөт улуттук академиясы, Билим берүу академиясы бар. Академияга мүчөлүктүн категориялары (академик, корреспондент мүчө) жана өзгөчө (академиялык) наамдар (ардактуу академик, чет өлкөлүк мүчө ж. б.) каралган. М. Оморов.