АК ҮЙЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:20, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК ҮЙЛҮҮ ‒ 1) байыркы жана о. кылымдарда көчмөн элдерде урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимдин кепили катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо. Бул саясий-дипл. ыкманы кытай династиялары да пайдаланышкан. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак боз үйлөрдө сыйлуу туткун денгээлинде, көзөмөл алдында турушкан. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай эзелки барымта салты «Манас» эпосунда да чагылдырылган; 2) түркмөндөрдө, о. эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.