АК ТАТЫР Жумгал районундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:47, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК ТАТЫР ‒ Нарын облусунун Жумгал районундагы кыштак. Чаек айыл аймагына караштуу. Жумгал суусунун оӊ өйүзүндө, райондун борбору Чаек кыштагына чыгышынан туташ. Деӊиз деӊгээлинен 1620 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы темир жол бекетинен 180 км түштүк-батыш тарапта. 1925-ж. отурукташкан. Калкы 1601 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Кесиптик-техникалык окуу жайы, орто мектеп, китепкана бар.