АК СЕРКЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК СЕРКЕ ‒ кыргыздын улуттук тамактарынын бири; эзилген сүзмө, курут же айран катыкталган шорпо. А. шорпого азыраак суу кайтарып, кесме салып бышырып, сүзүп алгандан кийинки кесменин шорпосуна кымыз, айран же эзилген сүзмө, курут катыктоо менен даярдалат. Эттин шору, кесменин маӊызы, катыктын ачкылы ‒ үчөө кошулган А. ток жана даамдуу болот. А. тамакты сиӊирүү үчүн суусундук катарында «беш бармактан» кийин ичилет.