АК-ТӨБӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:52, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТӨБӨ ‒ Казакстан Республикасынын түндүк-батышындагы шаар. Ак-Төбө облусунун администрациялык борбору. Илек дарыясынын боюнда жайгашкан. Темир жол бекети. Калкы 387,8 миӊ (2015). Автомобиль жолдор түйүнү. Эл аралык аэропорт. Феррокуйма, хром бирикмелери, айыл чарба машиналарын куруу, рентген аппаратура ж. б. заводдору, «Актюбинскхимпластмасс» өндүрүш бирикмеси, жеӊил, тамак-аш өнөр жайы иштейт. Тогуз ЖОЖ (анын ичинде авиация), театр, 2 музей бар. 1967-ж. Казакстандагы 1-планетарий ачылган. 1869-ж. аскерий чеп катары негизделген. Шаарда Советтер Союзунун Баатыры, көзгө атар мерген Алия Молдокулова туулган.