АК-САЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 29 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ Ош облусунун Ноокат районунда, Беш-Буркан кыштагынан 3 км түштүк-чыгышта, Чымкай тоосунда, деӊиз деӊгээлинен 1700‒2000 м бийиктикте. 1953‒87-жж. мезгил-мезгили менен геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун көмүр-чополуу сланецтеринен, кумдуктарынан жана карбондун карбонат-терриген катмарларынан түзүлгөн. Кенташтуу жаспероид брекчиясы карбондун карбонат-терриген катмарларынын арасында жатат. Флюорит ‒ антимониттүү кенташы өтө чачыранды жана тарам-тарам түрүндө кездешет. Сурьманын орточо өлчөмү 2,73%, алтындыкы 1,44 г/т. Кенташтын С1 категориясы боюнча запасы 60,3 миӊ т. Сурьманыкы ‒ 1629 т, алтындыкы ‒ 1,49 т.