АК-КОРГОН
Jump to navigation
Jump to search
АК-КОРГОН – Жалал‑Абад облусунун Ала‑Бука районундагы кыштак. Ак‑Коргон айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Ала‑Бука кыштагынан 17 км түштүк-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 65 км. 1900‑ж. чейин отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1180 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 6410 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, лицей,китепкана, эки бала бакча, маданиятт үйү бар. Турмуш‑тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, оорукана, дарыкана, тегирмен, май чыгаруучу цех иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.