АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ
АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ – 9–12‑к‑га таандык археол. эстелик. Чүй обл‑нун Москва р‑нундагы Степинское айылынын түн. тарабында, Ак-Суунун жээгиндеги аянтчада жайгашкан. Ал аскер жана бийлик ордосу турган шаар болгон. Шаардын негизги бөлүгү Ак‑Суунун сол өйүзүндө жайгашып, 7500 м2 аянтты ээлейт. Сырткы дубалынын уз. 15 км, бийикт. 3–3,5 м, калыңдыгы 18–20 м. Дубалдын сырткы айланасы 10 м жазылыкта казылган аңгектер жана жал тосмолору менен бекемделген. А. ш. к‑нын борб. бөлүгүнүн маданий катмарынын калыңдыгы 1,5 мди түзгөн. Ал жерде көптөгөн турак жайлар жайгашкан. Темир бычак, жаа, жебе, көркөм кооздук буюмдарынын калдыктары табылган. А. Н. Бернштам, Н. П. Кожемяко, о. эле 1974‑ж. Казак мамл. ун‑тинин окумуштуусу У. X. Шалекенов тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.