АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (5), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ДӨБӨ I ШААР КАЛДЫГЫ – 7–12‑к‑га таан­дык археол. эстелик. Бакай‑Ата р‑ндагы Ак-­Дөбө кыштагына жакын Үрмарал суусунун оң өйүзүндө, Тараз‑Талас автожолунан 75 км ара­лыкта жайгашкан. Шаар калдыгы үч бөлүктөн: сепил (цитадель), шахристан жана рабаттан ту­рат. Шахристан 6 бурчтуу формада болуп, жал­пы уз. 1080 м. Ал дубал чеп менен коргондолуп, мунаралар менен бекемделген. Сакталып калган дубалдын бийикт. 2,5 м. Шаарга түн. жагында­гы дарбаза аркылуу киришкен. Дарбазалардын жанында мунаралар тургузулган. Сепил шах­ристандын чыгыш тарабында жайгашып, ай­ланасы турак жайлар менен курчалган. Айрыкча шаардын чыгыш тарабында көп турак жай ку­рулуштары орун алган. Шахристанды айланта калк жашаган рабат жайгашкан. Археол. ка­зууда чийки кыштан тургузулган имарат уран­дылары, чарбалык маанидеги курулуштар ачыл­ган. Темир эритүүчү мештин жана металл кал­дыктары, чопо казан, кумура, жыгач аяктар, бычак, мал сөөктөрү табылган. Карала идиш­тери оймо‑чиймеленип, сыр менен кооздолгон. А. ш. к‑н о. кылымга тиешелүү жазма булак­тардагы Кул ш‑нын орду менен байланыштыры­шат. В. В. Бартольд, М. Е. Массон, А. Н. Берн­штам тарабынан изилденген.
М. И. Москалёв.