АК-БУУРА ШААР КАЛДЫГЫ
Jump to navigation
Jump to search
АК-БУУРА ШААР КАЛДЫГЫ – б. з. 1–2‑к‑на таандык археол. эстелик. Ак‑Буура суусунун сол өйүзүндө, Ош ш‑нын түш. четинде жайгашкан А.-Б. ш. к. б. з. алгачкы к‑да Ош оазисин жортуулдардан коргоо үчүн курулган чеп болгон. Алгач А. Н. Бернштам (1941), кийин Б. Аманбаева 20‑к‑дын 90‑жылдарында изилдешип, Ош ш‑нын тарыхы жана мад‑тына тиешелүү ар кандай буюмдарды табышкан.
Д.Ф. Винник.