АК-БУУРА ЗАКАЗНИГИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:35, 24 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БУУРА ЗАКАЗНИГИ – Ош облусунун Кара­-Суу районундагы аңчылык боюнча корук аймак. Ак-­Буура суусунун жайылмасын ээлейт. Ош шаарынан жана Папан суу сактагычынан түштүк тарапта жайгашкан. За­казник 1975‑ж. кыргоол, чил жана кекилик уя­лоочу аймакты коргоо максатында уюшулган. Аянты 10 миң га. Ош шаарынын жанындагы Ак-­Бууранын жайылмасынан 2 га жер Ош облустук аңчылык инспекциясына берилип, балык өс­түрүүчү көлмөлөр курулган.