АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Ат‑Башыдагы Арпа өрөөнүнө өтүүчү Ак‑Бейит ашуусунда, деңиз деңг. 3286 м бийиктикте жайгашкан байыркы, о. кылымдарга, о. эле 17–18‑к‑га таандык көрүстөндөрдөн, күмбөз жана мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. О. кылымга (13–14‑к.) таандык күмбөз тегерек формада болуп, жан‑жактарына эшик сыяктуу анча байкалбаган кырлар жасалган. 17–18‑к‑да курулган бул күмбөз – арх‑ранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет. Күмбөздүн аты менен ашуу Акбейит деп аталат.
К. Табалдиев.