АЙЫПКЕР
АЙЫПКЕР – сот процессине чейин тергөө жүрүшүндө ага карата тергөө токтому чыккан адам. А‑дин жазык иши сот отуруму (заседаниеси) дайындалгандан кийин соттолуучу адам деп аталат. Айыпталуучунун кылмыш иш жасалгандыгы ж‑дө далилдер толук болгондо гана тергөөчү токтом чыгарат. Токтом ким тарабынан, качан, кайсы жерде түзүлгөндүгү, А. катарына тартылуучу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, кылмыш кайсы убакта, кайсы жерде, кандай жагдайда, ошол адамдын жасаган кылмышы КРдин Жазык кодексинин кайсы статьясы менен жазаланары көрсөтүлөт. А. өзүнүн эмне үчүн айыпталып жаткандыгын билүүгө, коюлган айып б‑ча көрсөтмө жана түшүнүк, далил, өтүнүч берүүгө, анын адвокаты, жазык иш тергелип бүткөндөн кийин иштеги материалдар менен таанышууга укуктуу. Тергөөдө жана сотто А. тергөөчүнү, экспертти, котормочуну, прокурорду жазык иштен четтетилишин сурап, өтүнүч жасай алат, сот отурумуна катышып, иш б‑ча талап коёт, аппелляция иретинде каралган ишке катышып, тийиштүү өтүнүч менен кайрыла алат. Адвокаты тергөө жана сот органдарынын буйруктарына баш ийүүгө милдеттүү, өз эне тилинде сүйлөөгө жана котормочунун кызматынан пайдаланууга укуктуу. Буга А‑дин коргоочусу да укуктуу. Тергөө жана сот органдары А‑дин укугунун толук аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү. А. коргоочудан ар убакта баш тартууга укугу бар. Коргоочу менен келишим түзүлгөндөн кийин А‑дин баш тартуу укугу жок. А‑дин жакын туугандары жактоочу катары сот заседаниесине гана катыша алышат. Тергөөдө адвокат гана катышат.
К. Сманов.