АЙЫП (адат укугу)

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫПадат укугу б‑ча кылмыш жасаган­дарга бийлер тарабынан чегерилген жазалардын бири. А. негизинен ар кыл кылмыштарда ар кандай өлчөмдө белгиленген. Адат укугу А‑ты жөнөкөй А. жана тогуз А. деп бөлгөн. Жөнөкөй А. бир кара (жылкы же уй), тон (тон, ичик, чепкен, чапан), жандык (кой‑эчки) менен төлөн­гөн. Айыпкердин малы болбосо, А‑тан каракүчү менен иштеп берип кутулган. Тогуз А. төө башта­ган тогуз, жылкы баштаган тогуз, уй баштаган тогуз деп белгиленген. Айрым учурларда айып­керге үч тогуз же андан да көп А. салынган. Мис., сарыбагыш уруусунун манабы Ниязбек уулу Ормон хандын «Ормон окуу» деген мыйза­мында бирөөнү өлтүрсө «куну» – 300 жылкы, бөлөк бирөөнүн аялын ала качып кетсе - 40 жылкы жана уурулугу үчүн - 9 жылкы өлчөмүндө А. салына тургандыгы көрсөтүлгөн. А. үч та­раптын: жабыр тарткандын, манаптын (айрым учурда алар бийлер менен катар соттук милдет­терди аткарып, «бийлик» деп аталган салыкты төлөтүп алышкан) жана ишти караган бийдин пайдасына өндүрүлгөн.
А. Кубатова.