АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ӨКМӨТҮ, айыл аймагы – өз бийлик‑укуктарынын чегинде жерг. коомчулук­тун ишмердүүлүгүн ж‑a жашоо‑тиричиликти камсыз кылууну башкарууну ишке ашыруучу айылдык ж‑a шаарча кеңештердин алдындагы аткаруучу‑тескөөчү орган. А. ө. өзүнүн иш­мердүүлүгү б‑ча айылдык же шаарча кеңешке, ал эми өткөрүп берилген мамл. бийлик‑укук­тар б‑ча жерг. мамл. администрациянын башчысына жоопкерчиликтүү. А. ө‑нүн башчысы жерг. эл тарабынан төрт жылга шайланат. А. ө. укук абалы жагынан мамл. башкарууга тийиштүү, бирок мамл. башкаруу чөйрөсүнөн тышкары функцияларды да аткара алат. Кырг‑нда 453 А. а. бар, анын ичинде Чүй облусунда 105, Ошто 88, Жалал‑Абадда 68, Нарында 63, Ысык‑Көлдө 61, Таласта 37 жана Баткенде 31 (2019).
А. Бекбосун кызы.