АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙКУУ ӨРӨӨНҮ Алайкуу (батыш), Терек (түш.) жана Фергана (түн.) тоолорунун арасынан орун алган. Уз. 75 км, туурасы 15 км. Деӊиз деӊг. орточо бийикт. 2300 м, жеринин бети тоолуу келип, түн.-батышты көздөй жантайыӊкы. Борб. бөлүгү жайык. Дөӊсөөлүү түзүлүштөгү талкаланып тегизделген жондор, чөкмө тектер менен капталган байыркы түздүктөр, жарыш жайгашкан кырлар жана өрөөндөр мүнөздүү. Негизинен бор жана юра мезгилинде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Көмүр кени бар. Климаты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 15,7°С, январдыкы ‒17,9°С. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 мм. Суулары: Балгынды, Кашка-Суу, Карагатты, Саба-Жарды, Кайыӊды , Казык, Ак-Богус, Терек ж. б. Көлдөрү: Кулун, Көл-Кайыӊды. Негизинен талаа-тулаӊ (2300‒2700 м), токойлуу шалбаа (2700‒3100 м), токой (3000‒3500 м), субальп, альп шалбаасы (3500‒3900 м) жана маданий (2100‒2500 м) ландшафттар мүнөздүү. А. ө-ндө Сагындык ж. б. кыш. жайгашкан. Мал чарбасы өнүккөн; жайыт.