АЛАЙ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:55, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАЙ РАЙОНУ Ош обл-нда. Район 1928-ж. Алай‒Гүлчө р-ну болуп уюшулган; 1936-ж. андан эки район бөлүнгөн ‒ Алай р-ну жана Чоӊ Алай р-ну; 1959-ж. алар кайра биригип, Алай

АЛАЙ РАЙОНУ24.png

р-ну болгон. 1992-ж. кайра эки районго ‒ Алай жана Чоӊ Алай р-нуна бөлүнгөн. Район облустун эӊ түштүгүндө жайгашып, чыгышынан Кытай, түндүгүнөн жана түн.-чыгышынан Кара-Кулжа жана Өзгөн, батышынан жана түн.-батышынан Кара-Суу, Ноокат жана Чоӊ Алай р-ндору, түштүгүнөн Тоолуу Бадакшан обл. (Тажикстан) менен чектешет. Аянты 7,6 миӊ км2 (Ош обл-нун аймагынын 26,0%). Калкы 72,2 миӊ (2009). Борбору ‒ Гүлчө кыш. Район 14 айыл аймагына бөлүнөт. Райондо 62 кыштак бар.
Район бийик тоолуу Алай өрөөнү (чыгыш бөлүгү) менен Гүлчө өрөөнүндө жайгашкан. Алай өрөөнү түн. бөлүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Чоӊ Алай кырка тоосу (эӊ бийик жери ‒ 7137 м, Ленин атн. чоку) менен курчалган. Райондун деӊиз деӊг. эӊ жапыз жери 1560 м (Гүлчө өрөөнүндө). Кен байлыктары: көмүр, кайнатма туз, сымап, сурьма, вольфрам, чымкөӊ, мрамор, курулуш материалдары, минералдуу жана ысык булактар ж. б. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы Гүлчө өрөөнүндө ‒7,5°С, Алай өрөөнүндө ‒14,4°…‒17,5°С, июлдуку Гүлчөдө 18,9°С, Алайда 9‒15,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 мм. Ири мөӊгүлөрү: Корженевский, Ленин ж. б. Суу тармактары жыш; ирилери: Гүлчө, Кызыл-Суу , Көк-Суу ж. б. Райондун түн.-чыгыш бөлүгүн жана орто бийиктиктеги тоолордун түн. капталдарын карбонаттуу күрөӊ топурак ээлеп, буудайыктуу жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Ушул эле бийиктиктеги тоо капталдарынын чыгыш экспозицияларын майда дүӊгөлүү, бетегелүү жана бетеге-дүйүм чөптүү талаа ээлейт. Талаа жана шалбаалуу талаа алкактары бийиктеген сайын токой жана шалбаа алкактарына өтөт. Тоо капталдарынын түн. жана чыгыш экспозицияларынын тескей беттеринде (күӊүрт-коӊур тоо-токой топурагында) арча жана сейрек токой өсөт. Тоо-талаа топурактуу субальп жана альп алкактарында субальп жана альп шалбаалуу талаа жана талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Кууш капчыгайларда бадал (ит мурун, табылгы, изирик ж. б.), суу жайылмаларында чычырканак, тал, терек ж. б. кездешет. Нивалдык алкакта рихтерия, мамыры чөп ж. б. өсөт. Баалуу айбанаттарды коргоо жана көбөйтүү максатында Куршап суусунун жайылмасында Гүлчө заказниги уюшулган.
Райондо облустун калкынын 6,9%и жашайт (2003). Төрөлүүнүн деӊгээли 20,3‰, өлүм-житим ‒ 41,1‰, табигый өсүш ‒ 16,2‰ түзөт. Калкынын 44,7%и эмгек жашына чейинкилер, 47,5%и эмгек жашындагылар, 7,8%и ‒ эмгек жашынан өткөндөр. Калктын орт. жыштыгы 1 км2жерге 9,0 киши.
Алай р-нунун экономикасынын негизин мал чарбасы жана дыйканчылык түзөт. Жалпы жер фонду 7582,0 миӊ га (2004), анын а. ч-га жарактуу жери 409,0 миӊ га (жеринен 53,9%). Анын басымдуу бөлүгү (387,9 миӊ га) жайыт. Айдоо аянты 5,0 миӊ га, анын 1,3 миӊ гасы сугат жер; 38 га көп жылдык өсүмдүк, 7,9 миӊ га чабынды. Дан (4,4 миӊ га, анын ичинде буудай ‒ 3,2 миӊ га), картошка (0,5 миӊ га), май алынчу өсүмдүктөр (227 га), жашылча (244 га) айдалат
Райондо 5 өндүрүштүк (макарон, самын чыгаруучу, жыгач иштетүүчү, көмүр казып алуучу) жана дан эгиндерин кайра иштетүүчү 38 кичи ишкана иштейт. Район облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 0,8%ин берет.
Негизги транспорту ‒ автомобиль. Анын аймагынан эзелтен эле О. Азия өлкөлөрүн Кытай, Индия, Пакистан, Афганстан менен байланыштырган Улуу Жибек жолу өткөн. Негизги автомобиль жолдору: эл аралык маанидегилери Ош ‒Хорог, Сары-Таш ‒ Дароот-Коргон ‒ Дүйшөмбү (Тажикстан), Сары-Таш‒Эркеч-Там ‒ Кашгар (Кытай). 2003-ж. автомобиль транспорту менен 226,6 млн т жүк, 23,5 млн жүргүнчү ташылган.
2003/04-окуу жылында 38 орто, 4 толук эмес орто, 6 башталгыч мектеп, 1 кесиптик-тех. лицей болгон. Райондо 1 борб. жана 3 участкалык оорукана, 25 ФАП, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 4 аптека, мад-т үйү, 11 клуб, 1 райондук, 30 айылдык китепкана, 1 тарых музейи бар.
И. Егембердиев, А. Мырзаев.