АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:52, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮН ЖАЙГАШТЫРУУ– өлкөнүн аймактарындагы топурак, климат­тык шарт, айдоо аянтынын структурасы, ры­ноктун алыс‑жакындыгы, экон. жана социал. инфраструктуранын өнүгүшү жана жайгашышы, калктын жыштыгы жана анын жайгашуу мүнөзү сыяктуу факторлорду эске алуу менен а. ч. өндүрүшүнүн геогр. бөлүштүрүлүшү. Мында эм­гектин коомдук бөлүнүшүндө айрым аймактар­дын салымы аныкталат жана а. ч. продукция­сынын тигил же бул түрүн өндүрүүгө адистеш­тирүүгө шарт түзүлөт. Мис., Нарын обл‑нда не­гизинен мал чарбасы, анын ичинде кой жана жылкы чар­балары жайгаштырылган. Айыл чарбасын ади­cmeшmupyy жана А. ч. ө. ж. эмгектин коомдук бөлүнүшүндө өз ара байланыштуу жана бири би­рин шарттап турат.

А.С. Ажыбеков.