АЙСБЕРГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:56, 22 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙСБЕРГ (англисче iceberg, голландча Ijsberg; ise, ijs ­муз, berg – too) – океан менен деңиздерде калкып жүргөн же алардын тайыз жеринде токтоп кал­ган муз тоо. Ал материк муздарынын четтери­нен омурулуп бөлүнүшүнөн пайда болот. Кө­лөмүнүн 83–90%и суу астында; суу үстүндөгү бөлүгүнүн орточо бийиктиги 5 мден жогору, Аркти­када 10 м, Антарктидада 100 м. Узуну жанa туурасы бир нече кмге жетет (к. сүрөт). Ири айсбергдер Антарктика, Канадалык

АЙСБЕРГ1.png

Арктика архипелагдарында жана Гренландияда көп пайда болот. Айсберг деңиз катна­шуусу үчүн опурталдуу (мисалы, 1912‑ж. «Титаник» жана 1959‑ж. «Хедтофт» кемелери айсберг менен болгон кагылышуу). Түндүк Атлантикада айсбергге байкоо жүр­гүзүү боюнча «Муздагы күзөт» кызматы иштейт.