АЙНЕК КУМУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙНЕК КУМУ – айнек чыгарууга пайдалануу­чу кварцтуу кум. А. к‑нун таза сортторунда кремнийдин кош кычкылы Si02 99,5‑99,9% ке жетет. А. к‑нда кремнийден башка алюминий, кальций, магний, калий жана натрийдин кыч­кылдары да болот. Эгер А. к‑нда темир менен хромдун кычкылдары жана орг. заттардын ко­шундулары болсо, тунук айнек жасоого зыянын тийгизет. Айнек чыгарууда кварцтуу кумдун 0,2‑0,5 мм өлчөмдөгү бүртүкчөлөрү 85‑90% болушу зарыл. Кыргызстанда Сөгөтту кварц куму кени менен Сулукту кварц куму кени А. к‑нун ири кен­дерине кирет.