АЙЛАНМА ПРОЦЕСС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:03, 21 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЛАНМА ПРОЦЕСС, т е р м о д и н а м и к а ­л ы к ц и к л – бир нече өзгөрүүлөрдөн кийин системанын термод. параметрлеринин баштап­кы маанисине кайрылып келиши. Эгерде, системанын термод. абалы эки параметр (мис., Р басым жана көлөм V) менен аныкталса, анда коор­динаталары р, V (термод. параметрлер) болгон тегиздикте А. п. туюк сызык (цикл) менен сүрөт­төлөт. Система А. п‑ке катышып, жалаң тең салмактуу абалды басып өтсө, тең салмактуу А. п. деп аталат. А. п‑ке термод-нын 1‑башта­лышы (закону) 5Q=AU+5A колдонулса, U1=U2 болгондуктан Ди=0 болот. А. п‑те системанын аткарган жумушу, анын ар бир бөлүгүндө сырт­тан алган жана сыртка берген жылуулуктун алг. суммасына барабар. Ошентип система сырттан алынган жылуулукту мех. жумушка айланды­рат. Ал түз А. п. деп аталат. Бардык жылуу­лук машиналары жылуулукту мех. жумушка айландырат. Ал эми тескери А. п‑те мех. жу­муш жылуулукту муздак нерседен ысык нерсе­ге өткөрөт. Бул процесс муздаткыч агрегаттар­да кеңири колдонулат.